www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 1981-жылы туулган М.У. баш коргоо чарасы Ош шаардык соту тарабынан 12-октябрда каралып, өзгөртүүсүз калтырылды. Тагыраак айтканда, сотко чейинки өндүрүш учурунда абакта кармоо боюнча чечим чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, “Казак” 1996-жылы туулган жаранга денесине залал келтиргендиги боюнча кармалган эле.

“Мындан сырткары, жогорудагы фактыны иликтөө учурунда Ош шаарынын тургунунан дагы бир арыз келип түштү. Арыздануучунун жазган арызына ылайык, анын 2003-жылы туулган кызын У.М. («Казак) күч колдонуп, уруп, Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда зордуктап койгон. Бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталды.

Кимде ким жогорудагы кылмышка шектүү У.М. (эски аты-жөнү Эрнис Казаков, каймана аты «Казак») жабыр тарткан болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына 03222-2-46-78 номери аркылуу кабарлап коюшуңуздарды суранабыз”, -деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости