www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай бир чети какшык, бир чети чындыкка жакыныраак пикирин көкбөрү дегенде ичкен ашын жерге койгон кыргыз кызы Гүлдөй Разакова соцтармактагы баракчасына жазып, ал кызуу талкууга түштү.

- "Дүйнөлүк" деген атка жамынып алып, бирок заты Казакстандын ички турнири болгон "көкпар"оюндары Өзбекстандын Кашка-Дарыя районунда өтөөрү белгилениптир. Биздин шумкардай шукшурулган жигиттерибиз бөрүнү бөлтүрүктөй ат үстүнө бөктөрүп ойнойт. Көк бөрү - чыныгы эрендердин эр оюну. Ошон үчүн муляж менен ойнойбуз деген “назик” жандарга, айымдардан команда түзүп жөнөтүп койсокпу... Кыргыздын эрендери мындай “назик”   оюндарга барып катышпайт!, - деп жазат анда Гүлдөй.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 14-февралында Казакстандын борбору Астана шаарында Бүткүл дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) федерациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр көпчүлүк добуш менен көк бөрүдөгү тайказандан баш тартышкан.

Анда тайказанга кыргыз менен казактан башкалар көнө алышпаганы, тайказанга ойноо чындыгында кыйын болуп жатканы жүйө келтирилген.

Ошол эле жыйынга катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү мындан ары эл аралык көкбөрү турнирлеринин баары жаңы эреже менен өтө турганына токтолуп, кезектеги дүйнө чемпионаты быйыл Өзбекстанда боло турганын белгилешкен болчу. Ал жыйынга Кыргызстан катышпай койгон.

Эл аралык көкбөрү оюнунун эрежеси кыргыздар тарабынан 1996-жылы негизделип, ал 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык көкбөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө болгон Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.

Ал эреже 2013-жылга чейин сакталган. Ал эми кийинки эле жылы Казакстан түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын түзүп, анда казактар көкбөрүнү "көкпар" атап, башка эрежелер менен өздөрүнө таандык кылып кошуп коюшкан. Бирок, Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү улак ордуна муляж тартышып, улакты тайказанга эмес, сызыкка эле таштоо сыяктуу эрежелерди “бул чыныгы көк бөрү оюну эмес” деп таанышпай келет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости