www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай археологдору эки хан сарайдын ири масштабдуу урандыларын табышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Кытайдын коомдук илимдер академиясынын археологдору Кытайдын түндүгүндө жайгашкан Ички Монголия автономиялуу районунун аймагынан 916-1125-жылдары жашап өткөн Ляо династиясынын борборунун урандылары табышкан.

Биринчи хан сарай 1100 чарчы метрге курулган, жана ал Цзинь династиясынын (1115-1234-жылдар) учурунда талкаланган. Ошонун эле пайдубалына андан кичирээк хан сарай курулган.

Ал эми экинчи хан сарай төрт тарабынан галереялар менен курчалган төрт бурчтуу короо. Анын дарбазасы, залы Ляо династиясынын архитектурасына туура келет.

Ошондой эле, казуу учурунда Ляо жана Цзинь династияларына таандык көп сандагы маданий реликвиялар табылган, анын ичинде таштан жасалган Будданын статуясы, темир бычактар жана фарфор буюмдар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости