www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия парламенти ушул жылдын 29-июлда «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, аталган компаниялар өз платформалары боюнча түшкөн арыздарды караш үчүн Түркияда өкүлчүлүктөрдү ачып, атайын өкүл дайындалышы керек болчу. Ал Түркиянын жараны болушу абзел эле.
Бирок социалдык медиа компаниялары бул мыйзамга баш ийбегендиктен 1-ноябрда биринчи көлөмдүү айып пул салынган.
Ал эми 11-декабрда Түркиялык «Анадолу» маалымат агенттиги өлкөнүн Маалымат жана байланыш технологияларынын башкармалыгы «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттер», «Periscop», «YouTube», «Тикток» сыяктуу социалдык тармактарга эми 30 миллион лира (4 миллион долларга жакын) айып пул чегерилгенин кабарлады. Ошондой эле башкармалык жарнамаларга тыюу салынарын жана соцтармактын маалыматты таратуу мүмкүнчүлүгүн 90% чейин чектей турганын эскертти.
Буга чейин Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин «YouTube», «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактар бир канча жолу соттун чечими менен жабылган. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону кабарланган.
Түркиянын калкынын саны 83 миллиондон ашат. Алардын 62 миллиону Интернеттин активдүү колдонуучулары. Колдонуучулардын 54 миллиону социалдык тармакты күн сайын активдүү пайдаланат. Түркияда эң популярдуу социалдык тармактар - «Инстаграм», «Твиттер» жана «Фейсбук» болуп саналат.
Булак: NazarNews.kg