www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия кыргызстандык кыз-келиндер тобун депортациялады. Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги маалымдады.

Маалыматта 5-ноябрда Түркиянын Артвин аймагында полиция сойкулук кылганы боюнча 33 чет өлкөлүктү кармаганы жана алар мекенине жөнөткөнү жазылган.

Алардын төртөө кыргызстандыктар.

Кармалган 33 шектүүнүн 12синде жугуштуу оору бар экени аныкталды.

Түркиянын Артвин аймагы Грузия менен чектешет.

Артвин аймактык саламаттык сактоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2018-жылы 261 чет өлкөлүк кыз-келин медициналык текшерүүдөн өтүп, депортацияланган.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда учурда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жашайт. Алардын 86 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт.

Түркияда мыйзамсыз иштеген кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө.

2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Негизинен мигрант кыз-келиндер бала багуучу, улгайган кишилерди карап баккан камкорчу болуп жана үй кызматтарында иштешет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталья сыяктуу ири шаарларда жашайт.

Түркиядагы кыргызстандыктар тобу өлкөдөн чыгарылганы тууралуу кабар буга чейин да тараган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости