www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 4-ноябрында Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчиси  Динара Кемелова Жашыл климаттык фондго (ЖКФ) барды жана Фонддун аткаруучу директорунун орун басары Хавьер  Мансанарес мырза менен жолукту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда элчи Д.Кемелова үстүбүздөгү жылдын 19 – ноябрында Кыргызстанда “Туруктуу өнүктүрүү  үчүн реформаларды тездетүү” (“Ускорение реформ для устойчивого развития”) жогорку деңгээлди өнүктүрүү форумун  өткөрүүнүн  жана  жогорку деңгээлде ЖКФ  өкүлдөрүнүн катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар азык – түүлүк коопсуздугу боюнча Кыргызстандын аярлуу коомдоштуктарынын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, токойлорду сактоо  жана жайыттарды өнүктүрүүгө болгон инвестициялар, Кыргызстандын айрым облустарынын климаттын өзгөрүшүнө болгон  ыңгайлашуусу, селдерден калкты коргоо боюнча чараларды кабыл алуу  тууралуу келечектеги долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Аткаруучу директордун орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө Фонддо 8 миллиард АКШ  долларынан ашык каражат топтолуп турат жана ЖКФ эл аралык уюмдар  менен мамлекеттик органдардын гана долбоорлорун карабастан,  Жашыл климаттык фонддо акредиттелген Өкмөттүк  эмес уюмдардын жана жеке сектордун долбоорлорун кароого мүмкүнчүлүгү бар. Мында ар түрдүү мамлекеттик органдар, Өкмөттүк эмес уюмдар жана жеке ишкерлер кирүү төгүмдөрүн төлөп акредиттелүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости