www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ереван шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынынын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери менен бирге калаадагы өчпөс отко гүлчамбар койду.  Ошондой эле Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына жана 12-пленардык отурумуна катышуу үчүн Ереван шаарына барган.  Ал эми делегация курамында депутаттар Алмамбет Шыкмаматов, Тазабек Икрамов жана Алмазбек Акматов бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости