www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык эксперттер тобу 9-декабрда белгиленген коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнүн алдында Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Европа биримдигине (ЕБ) жана Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө кайрылышты.
Transparency International France, Transparency International EU жана жакында эле түзүлгөн Uzbek Asset Return Network (Активдерди кайтаруу боюнча өзбек түйүнү) уюмдарынын кайрылуусунда Гүлнара Каримова 1 миллиард доллардан ашык суммага бааланган камактагы активдери менен кыймылсыз мүлктөрүн Европадан кантип жана кайсыл механизмдердин жардамы менен кайтарып алса болоору жөнүндө жазылган. Мындан тышкары маркум президент Ислам Каримовдун тушундагыдай эле азыркы өзбек өкмөтүн да «өтө коррупциялашкан топ жетектеп» жатканы белгиленген. Буга байланыштуу аталган уюмдардын эксперттери Европа өлкөлөрүн Каримованын каражатын «ууруларга» кайтарууга жол берилбегидей ачык айкын механизм иштеп чыгууга чакырышты.
Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү убадалаган. Бирок андан бери төрт жыл өткөнүнө карабастан, эң жогорку бийлик бутактарындагы жемкорлукка каршы күрөшүү үчүн укуктук база түзүлө элек.
Transparency International уюмунун эксперттери Европа континенти «ууру өкмөттөрдүн» байлык сактоочу жерине айланганын белгилеп, буга Гүлнара Каримованын байлыктарын мисал катары келтиришти. Алар Каримованын Ирландияда, Францияда, Нидерландда, Швейцарияда жана Улуу Британияда камакка алынган каражаты менен мүлктөрүн Өзбекстанга кайтарып берүү иштери ачык болбой жатканын сындашты. Ошол эле маалда алар активдерди өзбек өкмөтүнө кайтарып берүү процессине жарандык коомдун өкүлдөрүн киргизүүнү, бул каражаттардын кайда жана кандай колдонулуп жатканына мониторинг кылуу механизмдерин иштеп чыгууну сунушташты.
Булак: NazarNews.kg