www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбулда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар талкууланды. 

19-20-ноябрда Стамбул шаарында (Түркия) IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын координациялык комитетинин жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттер (Түрк Кеңеши / ТМКК): Венгрия, Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан онлайн форматта, ошондой эле Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы катышышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жыйынга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев катышты. Жыйындын жүрүшүндө тараптар түрк тарабынан иштелип чыккан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жобосунун долбоорун карап чыгышты. Түрк Кеңешинин башкы катчысынын ассистенти Өмер Кожаман мырза жыйындын модератору болду.

Канатбек Арпачиев буга чейин Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлгөн I, II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан бекитилген эрежелер боюнча көк бөрү мелдешин өткөрүү боюнча сунуш киргизди. Мындан сырткары салбуурун мелдештерин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизүү сунушталды.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркиянын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун 3-беренесине ылайык, төмөнкү кыргыз улуттук спорттун түрлөрү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилген:

• көк-бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо, көчмөндөрдүн улуу күрөшү, спорттун бул түрлөрү Кыргыз Республикасынын федерациялары бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт;
• тогуз коргоол жана алыш белбоо күрөшү (эл аралык федерациялардын бекитилген эрежелерине ылайык).

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы түрк тарапка өткөрүлүп берилген. Оюндар 2020-жылы өтмөк, бирок COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости