www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов БУУнун учурдагы жана мурдагы башкы катчыларын сыйлады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Башкы катчынын милдетин аткаруучу Антонио Гутерриш жана уюмдун мурунку башчысы, Глобалдык Жашыл Өсүш Институтунун башчысы Пан Ги Мун “Түркмөнстан Бейтараптуулугунун 25 жылдыгына” эстелик медалдары менен сыйланышты.
Ошондой эле Россиянын Түркмөнстандагы элчиси Александр Блохин, орусиялык космонавт жана Түркменстандын атуулу Олег Кононенко, Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев жана ЕККУнун экс-баш катчысы Лабмерто Заньер сыйланышты.
Бердымухамедовдун жарлыгында, сыйлыктар Түркмөнстандын көзкарандысыздыгын жана туруктуу бейтараптуулугунун укуктук статусун чыңдоодо, “өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы авторитетин чыңдоодо” сиңирген эмгеги үчүн, ошондой эле бейтараптуулуктун 25 жылдыгына карата сыйлангандары тууралуу айтылган.
Булак: NazarNews.kg