www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбек Акун референдумга чейин Конституциялык кеңешменин ишин токтото турууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда маалымат жыйында билдирди.

“Депутаттар референдумга өлкөдөгү башкаруу формасын (президенттик же парламенттик) сунуштап жатышат. Эл парламенттик башкаруу формасын тандап алсачы? Кечээ биздин спикер маегинде мындай жагдайда учурдагы Конституция калат деп айткан. Мен буга макул эмесмин.

Бүгүнкү Негизги Мыйзам балык да эмес, эт да эмес. Бизде кандай башкаруу формасы бар экени белгисиз. Ошондуктан, мен тыныгууну сунуштайм, азырынча онлайн режиминде иштей беребиз. Референдумду күтө туралы.

Элдин тандоосуна жараша, андан кийин Негизги Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгабыз”, – деди ал.

Эске салсак, Баш Мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган. Жарыялангандан кийин коомчулукта нааразычылыктар пайда болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости