www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен бу сапар таптакыр монолог эмес, диалог форматында өтө турган Элдик Курултай тууралуу жана чыгарган чечимдери үчүн кылмыш иши козголгон соттор, өзүнө эстелик тургузуп алган Алиясбек Алымкулов тууралуу баарлаштык. 

-Турсунбек мырза,  бул жолку курултай баштагы курултайлардан эмнеси менен айырмаланат?

-24-мартта өтө турган  Элдик Курултай кыргыздардын улуу жыйынын эске салган 648 делегат катышкан, монолог эмес, диалог түрүндө өткөн. Маселени көчөдө эмес, жыйында чечкен чоң курултай болот деп турам. Буюрса, аталган курултайга кара кылды как жарган калыстар, чындыкты бетке айткан жер-жердеги акыйкатчыл адамдар келет. Бул курултай бир эле топтун  кызыкчылыгын көздөбөйт. Бийлик менен элдин талылуу маселесин чечүүгө шарт түзгөн чоң жыйын болот. Кудай буюрса, аталган элдик жыйын бийлик менен элдин пикир алышуусуна шарт түзгөн трибуна болот.

-Бийликтен бирөө жарым келеби же маани беришпей коёбу?

-Маани беришет. Ошон үчүн президенттин өкүлдөрү кызыгып сурап жатышат. Эгер алар жеригенде мурунку курултайлардай болуп, улам тоскоолдукка кабылып турмакпыз. Буюрса, жогору жактагылардын көзү түз болгон үчүн андай тоскоолдуктарга кабылган жокпуз. Чыныгы элдик жыйын болсун деген ниетте президент Сооронбай Жээнбековду, премьер-министрди, спикерди, фракция лидерлерин  чакырып жатабыз. Ошондой эле Кыргызстандагы бардык партиялардын төрагаларын жана  саясий куугунтукка кабылгандардын өкүлдөрү да унуткан жокпуз.

-Атамбаев да чакырылдыбы?

-Албетте чакырылды. Ал Равшан Жээнбеков аркылуу “мен баралбайм, бирок өкүлдөрүмдү жөнөтөм” деп айттырыптыр.

-Мурунку курултайлардай болуп, маселенин көбү ишке ашпай кагаз жүзүндө калып калбайбы?

-Кагаз жүзүндө калбайт деп ойлойм. Себеби, мурунку курултайларда резолюциядагы көрсөтүлгөн талаптарды эске алмак турсун, президенттер маани да беришчи эмес. Бу сапар президент өзү келбесе да, өкүлдөрүн жөнөтөт курултай демдүү, күчтүү болот деп ойлоп отурам. Ошондой эле курултайда көтөрүлгөн маселелер кагаз жүзүндө калбай, ишке ашат деген үмүтүм зор.

-Кыргызстанда маанилүү иш жасалаарда эле экинчи тарап аны бузууга, чагымчылдык кылууга аракеттер башталат. Курултайда да силерге жеке таарынычы бар күчтөр курултайда провокация уюштурушпайбы?

-Уюштурушпайт деген үмүттөмүн. Анткени, андай чагымчыл күчтөрдү, тартип бузуп, ишибизди үзгүлтүккө учураткысы келгендерди 40 чоро  жана милициялар көзөмөлгө алат.

-Кыргызстандын тарыхында туура эмес чыгарган чечими үчүн эки судьяга кылмыш иши козголду. Бул эмнеден кабар берет?

Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков жана Айнгүл Жоробековалардын  адистигине шек келтире албайм. Бирок, туура эмем чыгарган чечими боюнча иш козголгонну туура эле деп ойлойм. Сот тармагын жөнгө салбаса, чара көрбөсө, алар өз билгендерин кылып, каалагандай чечим чыгара беришчү. Сооронбай Жээнбеков биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында судьяларды жоопко тартууну баштады. судьялар да мамлекеттик кызматкер болгон үчүн жазаларын алышы керек. Бирок, тилекке каршы, кээ бир укук коргоочу деген атка жамынып алып, Кадыржан Батыровду, Азимжан Аскаровду колдогондой туура эмес чечим чыгарган судьяларды да колдогону жатышат.

Ушул эле укук коргоочулар кезинде сот системасы реформага муктаж деп соттор туура эмес чечим кабыл алат деп жүрүшчү.

-Турсунбек мырза, Алиясбек  Алымкулов өзүнө эстелик тургузуп алганын туура көрдүңүзбү?

-Алиясбек иниме өзгөчө сыйым бар. Аны патриот жигит деп билем. Эстелик айылдык кеңештин чечиминин негизинде  тургузулду дептир. Эгер айылдык кеңеш эстелик тургузууну пландаган болсо, анда неге эстеликтин чыгымын Алиясбек өзү көтөрдү.

Алиясбек өзүн Корчубек Акнаазаровго салыштыргансып, аны менен кошо эстелик тургуздуруп алганы туура эмес. Ал социалисттик эмгектин баатыры, ат көтөргүс иштерди жасаган адам. Алиясбектен чоң адамдар баатыр болбой  тирүү кезинде эстелик тургузушпай жүргөндө ал калпыстыкка жол берип койду. Алиясбек  өзүнө таш менен эмес, сөз менен эстелик тургузса болмок.  Мен анын эстелигине ич күйдүлүк кылып айтып жаткан жокмун. Болгону, агалык кеңешимди берип жатам.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости