www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге карата үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу нааразы болушуп, митинг-пикетке чыгышты.
Көрсө Чолпонбаев саламаттык тармагын реформалоо деген шылтоо менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жоюп, бириктирип башаламан кылыш, врачтарды кыскартып жатыптыр.
Берген убадасы болсо реформанын арты менен айлыктарын көтөрмөк экен. Бирок баары тескерисинче жүрүп, медицина кызматкерлерин сызга отургузуп салыптыр.
Мындан улам, учурда саламаттыкты сактоо тармагында чоң чыр, башаламандык өкүм сүрүүдө.
Космосбек мырза УКМКнын СИЗОсунда эс алып чыкканын эске алганда, өткөндөн сабак албаганы өкүндүрөт.
Иштегенине жарым жыл өтө электе жек көрүндү болуп жаткан неме жарытпайт го...
Булак: "Ачык саясат"