www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Эдил Байсалов менен коомчулукту дүрбөлөңгө салган шайлоо мезгилинде коротулган каражаттардын тизмеси жарыяланган ананимдүү каттын айланасында баарлаштык.
-Эдил мырза, Фарид Ниязов адвокат Нурбек Токтакунов жарыялаган президенттик шайлоодогу каражаттар боюнча жазылган ананимдүү документтеги маалыматтар чын деди. Алар жалган маалыматты чындык менен койгулаштырган жок деп ишенсек болобу?
-"Шайлоо кассаны" тымызын Сапар Исаковдун адвокатына берип, жарыялатып, андан кийин "бул документ чын, бирок ага эч кандай тиешем жок" деп айткан Фарид Ниязовго таң калам. Ал киши шайлоо штабын өзү жетектебеди беле? Анан кантип эле эч кандай тиешеси жок болуп калат? Так ошол Фарид Ниязов Борбордук шайлоо комиссиясына жалган документтерди тапшырып жүрүптүр да! Бул кара бухгалтерия чынбы, жалганбы, мунун баары ошол 7-апрель көчөсүндөгү "Форум" имаратынын чирип, ириндеп, абийри ачылып, арданган агонияларынан айла таппай калгандарын билдирет. Бул "шайлоо кассасы" Жээнбековду жаман атты кылбайт, тескерисинче Атамбаевдин өзүнө тазалангыс көө сыйпайт. Бул киши мактанап жүрдү эле го "таза шайлоо өткөздүм" деп. Мына көрдүк, урматтуу Алмазбек Шаршенович, таза шайлооңузду. Бул сиздин күнөөңүз. Сиз жооптуусуз. Сооронбай Жээнбеков мына шайлоодогу болгон иштерди казып баштаганы үчүн, азыр Икрам Илмиянов камакта отурат. Форумду дагы тинтүүгө алып, бүт документтерди, аяктагы баардык "кара бухгалтерияларды" выемка кылыш керек. Бүт коррупцияны булагы, баардык ыплас иштердин очогу ошол Атамбаевдин штабында. Аларды тазаламайынча, Кыргызстанда саясий жашообуз оңолбойт, кырдаал да тынчыбайт.
-Эгер ананимдүү катта айтылган нерселердин анча-мынча чындыгы бар болсо, президент добушту сатып алган болуп калабы?
-Биринчиден, биздин Шайлоо кодексинде көрсөтүлгөн максималдуу өлчөмдөр башынан эле төмөн көрсөтүлгөнү белгилүү болчу. Баардык шайлоо штабтарында ал өлчөмдөн көбүрөөк акча коротулганын билебиз. Добуш сатып алынганын - КСДП партиясы жана анын жетекчиси Атамбаев билиши керек. Эгер алар ошентип айтканга барышса, өздөрү күнөөнү моюндарына алышып, өздөрү жооп беришет. Жээнбековтун эл башчы катары легитимдүүлүгү азыр бекем. Анткени, ал шайлоодон кийин өзүнүн тарапкерлеринин санын үч-төрт эсе көбөйтө алды. Атамбаевдин ич күйдүсү - анын оюндагындай Жээнбеков марионетка болуп бербегендиги.
-Бул нерсе Атамбаевдерден колуңду тарт деген протест катары жасалып жаткан жокпу?
-Мен бул бухгалтерияны жарыялоону агония же истерика катары эле кабыл алам. Икрам Илмиянов так ушул шайлоо финансылары боюнча камакка алынган. Жооп берсин кайсы жака миллиондогон долларларды коротконун. Мисалы шайлоо күндөн кийин кассадан 15 миллион сом жана 250 миң долларды алып кетиптир. Булар артык кылабыз деп атып, өздөрүнө эле жаман кылышты. Өздөрүнө өздөрү ор казып жатышат.
-Нурбек Токтакунов айткандай бул маселенин жыйынтыгы президентке импичмент арыялоого алып барбайбы?
-Импичментке эч кандай негиз жок. Азыркы учурда Атамбаевдин экс-президенттик иммунитетин алып салуу каралып атат. Бул процедура эң оор механизм менен көрсөтүлүп атат. Бийликтеги президентке кандай процедура менен импичмент жарыяланса, так экс-президенттерге да ошондой болсун деп Конституциялык палата чечим чыгарды. Бул акыйкаттыкты сактайт. Атамбаевге эстетип коюш керек, эч кандай процедурасыз эле Бакиевди төрт жолу соттогонун эске алышыбыз керек. Мисалы, жеке Жээнбеков талапкер катары күнөлүү деп табылыш үчүн жарыяланган маалыматтар жетишсиз. Мен айтканымдай, ал үчүн Атамбаев, Ниязов, Илмияновдор баары көрсөтмө бериши керек. Бирок ошол күндө дагы Жээнбековдун легитимдүүлүгү шайлоодон кийин кыйла бекемдеп жогорулаганын унутпашыбыз керек. Суу кечпейте го мындай доо арыздар.
-Эмне үчүн чуулгандуу маалыматты президенттин туулган күнүн утурлай чыгарышты?
-Чуулгандуу "кара бухгалтерия" туулган күнүнө белек болду десек болот. Мындан да башка белектерди даярдап коюшту болуш керек. Бирок бул агония. Атамбаевтин жалгыз жетишкендиги ошол таза шайлоо болчуе. Мына өзүнө кайра көө шыбап атат.
Булак: NazarNews.kg