www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жөнөкөйлүктөн бийиктикке

Мезгил закымдап учкан куш экен. Көздү ачып-жумганча күндөр айга, айлар жылга жалгашып, Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланып, өз ишин баштаганына бир жылдын жүзү толсо, өзү болсо ушул күнү алтымыштын ашуусуна чыгып турат.

Ошентип, алтымыш жашка толгон  президент Сооронбай Шариповичтин бир жылдык президенттик мөөнөтү аяктап баратат. Демек, өткөн бир жыл убакытка кылчая карап, президенттин ишмердүүлүгүнө баа берүүчү учурдун удулу келип турат. Айрым аналитиктер салыштырып эле саясатчылардын салмагын аныктап коюшат эмеспи.

Анын сыңарындай, Сооронбай Жээнбековду саясый ишмер, мамлекеттин жетекчиси катары сыпаттоодогу эң башкы артыкчылыгы – ал практик-саясатчы экендиги менен айырмаланды. Абалкы качкын президенттерге же “Балп” эттирип баарын жайлап кете берчү кийинки президентке окшоп, саясый теорияга чылк толгон идеялар, куру убада менен башты оорутпай,  азыркы ажобуз бир жыл ичинде конкреттүү саясый, социалдык, экономикалык чечкиндүү кадамдары аркылуу өзүн көрсөтө алганын баса белгилеп айта кеткенибиз эп.

Чындыгында Сооронбай Шариповичтин президенттик биринчи жылы  сыдыргыга салгандай бир калыпта өткөн жок. Кандуу төңкөрүштөн кийин эл ишенип шайлаган президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык башкаруусунда өлкө саясый башаламандыкка туш болуп, ажонун тегерегиндеги ишенген кожолору элдин ишенимин актоонун ордуна коррупциялык схемалар менен карапайым калктын ырыскысын уурдап, олчойгон суммада тыштан алган карыздар өз максатына жетпей, Атамбаевдин оң жана сол колу болуп жүргөндөрдүн алкымына кетип, финансылык көрсөткүч мамлекеттин тагдырын нары-бери калчап, өз менен өзгө деп бөлүп-жаруучулук болуп көрбөгөндөй күч алып, коңшулар менен ырк кетип турган шартта өлкөнү бир жылдын ичинде телегейи тегиз кылып коюу эч кимдин колунан келбейт болчу. 

Андан дагы, тактысын таштап кеткен Атамбаев камчысын таштабай, мамлекетти өзүм башкарам деген дымагы жарым жыл күчтүү болуп турбадыбы. Элдин ишенимине ээ болгон Сооронбай Жээнбековдун “достук” саясаттан өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, Атамбаев бузуп кеткен тышкы саясатты, коңшулар менен ынтымак-ырашкерликти түптөө үчүн белсенип ишке киришкени мамлекеттин келечегине туура жасалган кадамы боло алды десек жаңылышпайбыз. Президенттик биринчи жылдын жарымынан тарта мурунку президент, ага баш ийген команда тарабынан эби жок асылуулар болуп келатканы баарыбызга маалым.

Бул көрүнүшкө дагы президент Сооронбай Жээнбеков “сабырдын түбү сары алтын” демекчи, өзүнүн токтоолугу, сабырдуулугу менен коомдо туруктуу абалды түзө алууга жетишти. Опурулган Атамбаевдин ишенгендери Икрам Илмиянов, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Осмонбек Артыкбаев, Кубанычбек Кулматов, Аскарбек Шадиев өңдүү коррупциянын анабашчыларына карата аёсуз күрөш жарыяланып, алардын чыныгы жүзүн элге көрсөтө алды.

Буга чейин бир дагы президенттин тушунда мындай чоң кызматтарды ээлеп тургандардын коррупциялык иштери ачыкталып, өздөрү түрмөгө олтургузула элек болчу. Кадр тандоодо дагы таза, өзү үчүн эмес, өлкө үчүн иштеп бере турган кадрларга басым жасоодо. Президент бир жыл аралыгында жасай турган иштердин дээрлик көпчүлүгүн аткарууга жетише алды десек туура баа берген болобуз.

Ош облусу, Ош шаары экинчи төңкөрүштөн кийин саясаттын очогу болуп, бийликке болгон нааразычылык акциялары биринин артынан бири өтүп, облус жетекчилеринин эмес, борбордогу бийлик башчыларынын да айласын кетирген. Саясий абал чыңалган жерде эл менен тыгыз иштешүүнү билбеген, тажрыйбасы жок, элдик дипломатиядан алыс болгон  жетекчи болгондо бир күн дагы жетекчилик кызматта олтура албай, баарына кол шилтеп басып кетмек. Сооронбай Жээнбековду ошондой кыйын кез чоң сыноодон өткөздү. Ал баарына кол шилтеп басып кетпей, жоопкерчиликти сезе билип, элдин арасында болду. Бул курч кырдаал аны камырдай жууруп,  анын кыйын кезеңде өз элин таштап басып кетпей, элдин башында тура ала турган орошон жетекчи экенин мезгил өзү көрсөттү.

Сооронбай Жээнбеков кечээ же бүгүн эле мамлекеттик жогорку кызматка келип калган жок. Ал кызматтык тепкичтердин баарын басып өткөн тажрыйбалуу жетекчи. Эмгек жолун орто мектепте мугалим болуп баштаган Жээнбеков президент болгуча бир топ кызматтык мектептерде тарбияланган. Ошон үчүн Жээнбековду “Кызыл директорлуктан” жогорку кызматка чейин жеткен личность катары сыпаттап келишет.  “Кызыл директорлуктан” мамлекет башчылыкка чейин көтөрүлгөн личносттор тарыхта абдан аз кездешет. Алыс барбай аларга назар салсак, бири Белорус президенти  А. Лукашенко болсо, экинчиси Тажик президенти И. Рахмонду айта кетсек болот. Адам пенденин жашоо шартынын жакшырышына эмне зарыл экенин мына ошол “кызыл директорлорчолук” эч ким билбесин турмуш чындыгы далилдеп келет. Мына ошондой кызыл директорлуктан Өкмөт башчылыкка, андан кийин Президенттикке чейин ак эмгеги менен жеткен инсандардын бири-Сооронбай Жээнбеков экени талашсыз.

Сооронбай Жээнбеков карапайым элдин дилиндеги ак тилегин туйуп, аны айттырбай, ак иш жүзүндө аткарып келген адил жетекчи. Алтымыштын ашуусуна чыккан президент чейрек кылым саясатта жүрсө да, ал эч качан интригага аралашпай, эл үчүн эмгектенген тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары өзүн көрсөтүп келет. Бирөөнү жок жеринен күнөөлөп, андан саясый упай топтогонго да аракет жасаган эмес. Карапайым элдин катмарынан суурулуп чыгып, кыйын кырдаалда өлкө башчысы болуп келди. Айыл-чарбасын, өндүрүш тармагын бүгүн андан мыкты билген адис жетекчи Кыргызстанда биз билгенден жокко эсе деп айтса да болот. Сооронбай Жээнбековдун башка саясатчылардан бирден-бир артыкчылыгы да анын саясий интригадан алыс болуп, саясат деп сасык оюнду ойнобогону. Байлык деп жеке өзүнүн кызыкчылыгын өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбогону. Коррупциялык иштерге аралашпай, өзүн таза алып жүрө алгандыгы – анын саясаттагы чоң личностко айлана алгандыгынан кабар берет.

Жээнбеков кандай мезгилде болбосун эл алдында жүзү жарык иштеп келди.  Бир да жолу Сооронбай Жээнбеков өзүнө берилген кызматты аткара албай, мүчүлүштүк кетирип кызматтан кеткен эмес. Алтымыш жашка келгиче дагы өз кызыкчылыгы үчүн мамлекет башчыларга жагалданып-жагынып, карапайым элдин катмарынан оолактап да кеткен учуру болбоду. Ал дайыма эл менен бирдикте, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон аракетин жумшап, үзүрлүү эмгектенип келет. Бүгүн Кыргызстан “тайгак ашуу, тар кечүүгө” кептелип турганда Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчы болуп иштеп жатканы дагы чоң жоопкерчилик деп айтсак болот. Ал ошол жоопкерчиликти сезип, интригасы күч болгон саясаттын оюндарынан алыс болуп, кризиске кептелген мамлекеттин экономикалык абалын жакшыртуунун, коррупция гүлдөп кеткен өлкөнү жемкорлордон арылтуунун үстүндө эмгектенип келүүдө.

“Жээнбековду өз ордума калтырып, коңулда жатып Кыргызстанды башкара берем” деген Атамбаевдин “асыл ою” ишке ашпай калган соң, анын тобундагы бир ууч саясатчылар айласы кетип, аракеттеги президенттин ишмердүүлүгүнө ар кандай саясый боёк сүртүүгө аракет кылып жатканы байкалууда. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей кутумдук иш аракеттерди күчөткүсү келгендерге көңүл бөлбөй, эч нерсеге алагды болбой өз ишин мыкты аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Шариповичтин алдыдагы ишине  ийгилик кааламакчымын. Сооронбай Шарипович, 60 жаш куттуу болсун! Кызыл кандуулукка алдырбай, акыл калчап, эл үчүн таза иштеп, артыңыздан из калтырып кетчү ашууга чыктыңыз. Кыргыз эли Исхак Раззаковду кандай кадырласа, Сооронбай Жээнбеков деген атты дагы унутпай алып жүрө тургандай иштерди аткарып кетишиңизди каалаймын. Эки президентке окшоп өлкөдөн качып кетпей, “досуңуз” Атамбаевдей болуп элге жек көрүндү болбой, кыргыз журтчулугунун алдында жүзүңүз жарык болушу үчүн эл тарабынан берилген ишенимди ак кызматыңыз менен акташыңыз керек.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаны Ордо”

Последние новости