www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат. Отурумда экс-акыйкатчы, кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун кеңешме түзүлгөндөн бери ар кандай сындар айтылып жатканы боюнча өзүнүн пикирин билдирди.
"Эмне үчүн биз Конституциялык кеңешменин курамына кирбей калдык деген талкуу башталды. Сын-пикирлер болуп жатканын көрүп жатасыздар. Бирок мен сындардын баарына кошула албайм. Мурдагы президенттер курултай боюнча мыйзам киргизген эмес. Садыр Жапаров киргизип жатат. Бул эрдик. Экинчи маселе аткаруу бийлиги 32 премьер-министр алмашты. Жаман иштесе өкмөт башчыны алмаштырып салышат. Аткаруу бийлигинин башында президент турат деп сунушталууда.
Биз талкуулап өзүбүздүн сунушубузду беришибиз керек. 80 киши Кыргыз өлкөсүнүн тагдырын чече албайбыз. Өмүрбек Текебаев менен Роза Отунбаеваны эмнеге кеңешмеге киргизбей койду деген сөздөрдү айтып жатышат. Ханституция болуп калды деп жатышат. Дастан Бекешев деген жигит жаңы долбоорго каршы кол чогултам деп жатат. Катуу сындап жатышат. Алардын айтканына кошула албайм. Бирок кеңешмеге алардын өкүлдөрүн киргизип коюу зарыл. Ошондо Текебаевге, сенин Конституцияңдын артынан 32 өкмөт башчы кетти го - деп айтат элек. Эки жакта туруп калып жатабыз. Талаштан тактык жаралат", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg