www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык “СПИД” борбору 23-ноябрдан тартып Бишкек шаарынын базарларында АИВ, сифилис, В жана С гепатитке жашыруун тестирлөөнү баштайт.

Аталган борбордон кабарлашкандай, бардык каалоочулар текшерүүдөн өтө алат.

Акысыз текшерүү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт.

Мобилдик тестирлөөнү өткөрүү орду жана убактысы:

“Ош” базары - 23-24-ноябрда;

“Аламүдүн” базары - 25-26-ноябрь;

“Сары-Өзөн” базары - 27-28-ноябрь;

“Дордой-Дыйкан” базары - 30-ноябрда;

“Орто-Сай” базары- 1-декабрда.

Тестирлөөнүн убактысы 10:00дөн 15:00гө чейин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости