www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Кореяда бир суткада коронавирус жуктурган 1 030 жаңы учур катталды. Бул пандемия башталгандан бери өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.
Батыш басылмаларынын маалыматына караганда, өлкөнүн президенти Мун Чже Ин абалды өтө оор деп баалап, бийлик COVID-19дун экинчи толкунун токтото албай жатканы үчүн элден кечирим сурады.
Жаңы учурлардын көбү Сеулдун аймагында катталууда. Буга байланыштуу бийлик чектөө чаралары азыркыдан да катаалдатылышы ыктымал экенин билдирди. Өкмөт мектептерди жабууга, 10 кишиден көп топтолууга тыюу салууга жана жумушка аралыктан иштөөгө мүмкүн болбогон кызматкерлердин гана ишке баруусуна уруксат берүүгө ниеттенүүдө.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 50 кишиден ашык топтолууга, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафелер тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берип гана иштеп жатышса, ресторандар саат 21:00 жабылууда.
Маалымат үчүн, Түштүк Кореяда пандемия башталгандан бери 42,7 миңден ашык кишиге коронавирус жугуп, 580 бейтап каза болду.
Булак: NazarNews.kg