www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Карга карганын көзүн чукубайт» деген макал бар. Атамбаевдин заманынан бери алмашпас Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болуп келаткан Нуржан Шайлдабекова деген бар. Ким мамлекет башына президент болуп келсе «жылт» этип хамалеончо өңүн өзгөртүп турат. Атамбаев президент болуп турганда өзүн чүйлүк карындашы эсептеген Нуржан Шайлдабекованын жылдызы жанат. Ал космостук ракетанын ылдамдыгы менен кызмат тепкичинен учуп эксперттен Атамбаевдин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын аппаратынын мыйзамдарды координациялоо тобунун жетекчиси кызматына көтөрүлөт. 2012-жылы укук иштери боюнча президенттик аппаратта жетекчилердин бири болуп, тез эле Президенттик аппаратын жетекчисинин орун басары катары Икрам Илмияновдун ордуна келет. Андан соң Илмияновго мамлекетти башкарткан Атамбаев, Нуржан Шайлдабекованы Борбордук шайлоо комиссиясын башкартып койот. Ошентип, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу кайрадан башталат. Нуржан Шайлдабекова бир иниси Турат Шайлдабековду Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңешинин төрагасы ордуна алып келсе, экинчи иниси Азатбек Шайлдабековду ошол эле райондогу Кант шаардык кеңешинин төрагалыгына алып келген. Инилери да партиядан партияны тандаган жер куруткан немелер. Убагында Акаевдин «Алга,Кыргызстаны» партиясынан баштап,кийин «Ак жол» партиясына өтүшсө, андан СДПКга, СДПКнын иши бүткөн соң, Бабановдун «Республика» партиясына кире качышкан. Жээнбековдун бийлиги учурунда терисин тескери жамынган Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жээнбековго жакын куда-сөөктөрүнө айланып, өз ордун өжөрлүк менен сактап калат.
Үй-бүлөлүк –кландык башкарууну түзгөн Шайлдабекова өкчөгөн чүкөсү дагы айкүр конду, анын дагы бир иниси Садыр Жапаровду коштоп жүргөн мамлекеттик күзөттүн кызматкерине айланды. Шайлдабекованын иниси деп айтылган күзөтчүнүн аты Адилбек Кармабеков. Жакында соцтармактарда Кармабековдун туулган күнүндө тартылган сүрөт да жарыяланган. Аны куттуктап бүгүн президент Жапаровдун сөзүн сүйлөп калган Нуржан Шайлдабекова да барган. Албетте, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова инисин президентке талапкерге кошуп койгону мыйзам тарапка жол берсе да, абийир жактан жол бербестир. Кайсы мамлекетте БШК төрайымынын иниси президентке талапкерди коштоп жүрдү? Ал эми экинчи коштоп жүргөн күзөтчүнүн аты Эраслан Усупов. Буга чейин соцтармактарда анын тапанча салчу баштык тагынып жүргөн тасмасы тараган. Ал эми Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин ал «оюнчук тапанча болушу мүмкүн» деп божомолдогон. Эксперттер Жапаровду үгүт иш-чараларында коштоп жүргөн Усупов ал премьер-министр болуп турганда да жанында болгонун оң колундагы тырык менен далилдеп жүрүшөт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg