www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин АКШ ачык жана атаандаштык күч шайлоо өткөрүүнү Кыргызстан менен Казакстандан үйрөнсө болорун айтты.

Володин Мамдуманын депутаттары январда ЖККУ жана КМШ Парламенттик ассамблеясынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандагы шайлоодо байкоочу болушканын баса белгиледи.

«Жыйынтыгында шайлоолор улуттук мыйзамдарга ылайык өткөрүлгөнү белгиленди. Иш-чарада атаандаштык күч болуп, таза өттү. Бул жагынан АКШ алардан сабак алса болот. Себеби Американын эски системасында көп нерсе жабык, эл аралык байкоочулар дагы жок», — деген Володин.

Ошондой эле, ал азыркы тапта ЖККУнун жана КМШнын курамына кирген мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрүндө шайлоо стандарттары өтө жогору экенин кошумчалады.

Эске салсак, Кыргызстанда 10-январь күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости