www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы, Бишкек шаарындагы Шубин атындагы балдардын борбордук музыкалык мектебинин директору Гүльзинат Суранчиева ырчы Самара Каримованын Оштогу музыкалык мектепке директор болом деп барып, коллектив кабыл албай койгону боюнча пикирин Фейсбук баракчасында билдирди.

"Самарага кеңеш берет элем. Биринчи ошол мектепке 5-10 жыл мугалим болуп иштеп, жыйынтык көргөзүп, анан директор болом десең болот. Азыр сен жашсың, директор болуш оңой иш эмес. Ал Ош шаарындагы чоң музыкалык кадрларды даярдоочу мекеме, менин билишимче ал жерге консерваторияны бүткөн адам, профессионалдык музыкалык билими бар, бир музыкалык аспапты чеберчиликте черткен адам болсо жарашат. Мен мугалимдердин өрттөнүп жатканын түшүнөм, анткени алар ушундай кадр болуш үчүн 20 жыл окушкан, ошол үчүн сени эч качан тең кадр катары кабыл алышпайт. Ар бир ишке алыңды ченеп киришсең болмок".

Гүльзинат Суранчиева музыкалык билимдүү ырчы катары таанымал. 2008-жылы Сочидеги "Беш Жылдыз" конкурсунун "Көрүүчүлөр сүймөнчүгү" сыйлыгынын ээси, профессионал пианистка катары эл аралык конкурстардын лауреаты. Узак жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келген. 2017-жылы Маданият министри Түгөлбай Казаков Шубин атындагы балдардын борбордук музыкалык мектебинине директор кылып дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости