www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

72 жашында белгилүү «Ералаш» балдар киножурналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский коронавирустан көз жумду. Маалыматты маркумдун жакындары тастыкташты.

Белгилей кетсек, декабрь айында Грачевский коронавирус жуктуруп, ооруканага түшкөнү маалым болгон.

«Мен ооруканада бет капчан, кычкылтектин астында, тамчылатма дары алып жатам», - деген жетекчи «ТАСС» агенттигине.

Анын абалы оор деп бааланган. Кечээ Грачевский кайрадан дары менен уйкуда экени жана анын абалы оор экени белгилүү болгон.

Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган. 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте «Ералаш» балдардын юмордук киножурналынын негиздөөчүсү болгон. 1974-1984-жылдары Грачевский «Ералаштын» директору, 1984-жылдан тарта киножурналдын көркөм жетекчиси болгон. Ал ошондой эле «Крыша» жана «Между нот, или Тантрическая симфония» тасмаларынын режиссёру катары белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости