www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-майында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы академиясы менен Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институту ортосунда билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу УКМКнан билдирди.
Маалыматка ылайык, документ эки ведомстволук окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана стратегиялык маанилүү багыттар боюнча биргелешкен иштерди өнүктүрүүгө багытталган.
Тараптар коргонуу жана коопсуздук тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого, илимий-педагогикалык курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, заманбап билим берүү технологияларын киргизүүгө жана практикага багытталган окутууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурары белгиленди.
Ошондой эле кызматташтыктын алкагында курсанттар үчүн практика жана стажировкаларды уюштуруу, окуу-машыгуу сабактарын өткөрүү, талаа машыгууларын уюштуруу жана атайын окуу-материалдык базаны колдонуу каралган.
Мындан тышкары, аскердик-колдонмо жана атайын дене тарбия даярдыгын өнүктүрүү, илимий негизделген окутуу ыкмаларын киргизүү, спорттук жана аскердик-патриоттук иш-чараларды өткөрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экени айтылды.
Жетишилген макулдашуулар адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, ошондой эле жаштарды патриоттуулукка, жоопкерчиликке жана кесипкөйлүккө тарбиялоого өбөлгө түзөрү белгиленди.