www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, жаран Т.М.Т.дан 26 миң АКШ долларын алган. Бирок, кийинчерээк аталган маселени Т.М.Т.нын пайдасына чечип бере алган эмес.
Мурда алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кылмыш үстүндө кармалды.
2026-жылдын 3-апрелинде тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңеши тарабынан судья Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу чечими кабыл алынды.
2026-жылдын 6-апрелинде Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, ал КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында сот системасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.