www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын УКМК диний-экстремисттик жана террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөң иш-чаранын алкагында, 2022-жылдын 20-майында Каракол шаарынын Аксуу районунда «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган жерлерине санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында тыюу салынган адабияттар жана баракчалар, ошондой эле электрондук алып жүрүүчү (флеш-карталар, дисктер) табылып алынды.
Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча тергөө органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кылмыштардын негизинде катталган жана азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ иш-аракеттердин башка фактыларын жана жашыруун ячейкалардын активдүү мүчөлүн аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси уюштурулду.
Булак: NazarNews.kg