www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, Чечме айылында жайгашкан “Чечме” өткөрүү бекетинде КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) жол кырсыгына кабылган.

Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында үйлөрдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан бул автоунаада, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен ӨКМдин 2 кызматкерлери каза болгон жана 7 адам жаракат алган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылды. Кырсыктын кесепети такталууда, кошумча маалымат берилет, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости