www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дары чөптү аз-аздан, режими менен ичет

Чистотел боюу 30-80 см, бадал (куст) болуп өсөт. Жайдын башынан кышка гүлдөй берет. Тоолордо, огород, дубалдардын, акыр-чикирдин четинде, кандай кургакчылык болсо өсө берет. Гүлдөй кылып эшикке да тигишет.

Бул чөптү көптөн бери колдонуп келатат. Оору жаңы башталганда көңүл бурбай, күчөтүп жиберебиз. Касиеттүү чөптөрдү өз убагында ичсе, ар ким өзүн-өзү дарылап алат. Ал чөптөрдү өзүбүз таанышыбыз керек. Оорулуу адам 1 жыл ооругандан кийин, эмнеси ооруганын сезет. Тоолордо экологиялык таза чөптөр бизде, чөптөрдү таанып, тааныбагандарга жолобогула. Көрүнгөн адамдын айтканын ичүүгө болбойт, көк чөптөн ууланууга болот. Дары чөптү аз-аздан, режими менен ичет.

Ар ким өзүн ден соолуктамын деп эсептеш керек. Жана ар ким өзүн дарылап туруш керек.Бул бүгүнкү күндүн талабы! Оорусузбу, соосузбу, карысызбы, жашсызбы дарыланып турсаңыз дарт өзү качары бышык. Дары чөптү кайсы мезгилде, кандай убакта пайдаланыш керек. Мунун сырын адам билиш керек. Анткени, биз дарылык касиети кең Кыргызстанда жашап атабыз. Чөптөрдүн дарылык сырын билсек, кымбаттап бараткан ушул жашоодо, өзүбүзгө жашоонун кенен жолун ачабыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости