www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүмбаевди сүйүндүрүп УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевди орус бийлигин колдогон «Комсомольская правда» гезити америкалыктар менен «тил табышып» жатат деп чыгышты. Москва бийликте турганда Сапар Исаков Сомалиге тик учактарды сатканды билет болду бекен? 2020-жылдын октябрындагы башаламандыктан пайдаланып, камактан чыккан Сапар Исаков түрмөгө башкаларчылап кайра кайтып келген эмес. Ошол бойдон дайыны жок көздөн кайым болгон. Көрсө, Сапар Исаковдун качышына “Газпромдун” аттуу-баштуу атка минерлери түрткү болгон экен. Миллер Сапар Исаковдун демине-дем кошуп Канттагы орусиялык базадан учуруп кетишкен экен. Аны жашырып да коюшпаптыр. Учурда Сапар Исаков Москванын Кремлинде кагаз чиймелеп жооптуу иштерди аркалайт экен. Ага да түшүнсө болот, Кыргызстанда улам бийлик алмаша берип, Кремлди да жүдөтүп бүттү. Ошондуктан, Сапар Исаковго окшогон келечектен үмүт оту жылт эткендерди “барымтага” кармап турбаса да болбойт да. Бирок, түрмөдөн качып чыккандар соттон шарттуу кутулмайын Интерполго кайрылса, эки колун кишендеп туруп алып келчү эмес беле?

Кыргызстанга Орусия мамлекети 1 млрд долларга жакын ок -дары, курал жардам берген. Албетте, муну сарамжалдуу колдонсок болмок. 2015-жылы августта Атамбаевдин шилтемеси менен Сапар Исаков деңиз каракчыларынын ордосуна айланган Сомалиге Ми-24В 2 вертолет жана Ми-8МТВ 2 вертолетун берүүнү сунуштайт. Ал кезде тышкы саясатты жетектеп турган президенттик аппараттын жетекчисин орун басары Сапар Исаков бул демилгени Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына төп келет деп да жазган. Бул сунуш 2015-жылдын 10-авгусунда тапшырма катары Коргоо министрлигине жөнөтүлгөн.

Вертолетту сатуу улуттук кызыкчылыкка төп келеби?

Тик учманы сатуу балким Сапар Исаковдун кызыкчылыгына төп келер, арийне Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына төп келбейт:

1. Кыргызстанда вертолет чыгара турган ишкана жок. Бул Орусиянын Кыргызстанга берген 1 млрд долларынын эсебинен келген. Орусия деңиз каракчылыгынын эсебинен туйтунган Сомалиге вертолет сатсын деп жардам берген эмес.

2. 2015-жылы Орусия да, АКШ да Сирияда алаксып турган. Бул жердеги террорист-экстремисттерге каршы чыккан Орусиянын кызыкчылыгы АКШ менен тереңдеп, алыстап бараткан. Кыргызстандын Сомалиге саткан вертолеттору менен, албетте орус бийлиги толук кабардар болгон. Бирок, Сомали Кыргызстандын ЕврАзЭСке, Бажы Союзуна кошулушунун алдында шоона эшпей турган. Ошол мезгилде вертолетко ээ болгон Сомали деңиз каракчылары Орусиянын кемелерине кол сала баштаган.

Орусия Сомалилик деңиз каракчыларынан кандай запкы жеген?

1.2003- жылдын 4 мартында — пираттар орус танкери Сауд Арабиясынан Кенияга бараткан «Монеронго» чабуул жасашат. Эки моторлуу кайыкта 7 пират бар эле. «Токтот» деген деңиз каракчыларынын айтканын укпаган соң автомат, гранатометтордон окту мөндүрдөй жаадырышкан. Бир саатка созулган деңиз каракчыларынын аракетине орус кемеси да жооп айткан. Кокус пираттардын колунда вертолеттор болгондо уруш узак созулмак.

2.2008-жылы 23 сентябрда — Орусиянын ВМФ главкому адмирал Владимир Высоцкий Сомалидеги пираттар менен кармаш пландалууда деген.

3.2008-жылдын 26 сентябрында Балтфлоттон «Неустрашимый» корабли Сомалинин пираттарына каршы күзөтүүгө чыгат.

4.2008-жылдын 11 ноябрында —Орус жана Улуу Британия ВМФсы «Пауэрфул» кемесин бошотот, үч пират өлүп, сегизөө жарадар болгон.

5.2009-жылдын 7 апрелинде, Сингапурга бара жаткан орус танкери NS Commander автомат, гранамоттер менен куралданган сомалилик пираттар тарабынан чабуулга алынган.

6.2009-жылдын 27-апрелинде Тынч океан флотунан пираттар менен күрөш жүргүзүү үчүн «Адмирал Пантелеев», «МБ-37», «Ижора» жана «Иркут» киргизилет. «Адмирал Пантелеевде» 2 тик учма, деңиз пехотасы болгон.

Деңиз каракчыларынан тажаган дүйнө

Сомалидеги деңиз каракчыларынан бир гана жылдагы зыян тартуу 6,6-6,9 млрд доллар болгон. Бул тууралуу Oceans Beyond Piracy — америкалык One Earth Future фондунун долбоору жазат.. «Сиборн спирит» лайнерин, «Розен» кемесин, япон танкерин, «Свитцер Корсаковду», «Ле Понанды», испандык «Плая де Бакиону, Amiya Scan, немец судносу Lehmann Timber; танкер «Смирнини» дагы толуп жаткан ар кайсы мамлекеттердин кемесин жылына жүздөгөн кемелерди колго түшүргөн сомалилик деңиз каракчылары дүйнө элинин жинине тийет. 2008-жылдын 3 - июнунда БУУ согуш кемелерин Сомали менен согуш аракетин жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмаз Атамбаев 2015-жылы башка мамлекет калбай калгансып Сомалиге тик учмаларды жөнөтүү үчүн Коргоо министрлигине тапшырма берет. Бул сунушту кош колдоп колдогон Сапар Исаковдун айтканындай улуттук кызыкчылыкка төп келеби же жокпу эл өзү чечер. Эми бири АКШнын колтугуна жамынып, камакта өз саатын күтүп жатса, бири Москвада өз саатын күтүп отурат. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости