www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда балдарга карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттик регламент боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда бир добуштан кабыл алынган. Автор депутат Мирлан Маматалиевдин айтымында, Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда.

Статистиканы карасак, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш жасалса, анын 500гө жакыны, тилекке каршы, ушундай кылмыштар (293ү жыныстык эркиндикке каршы, 153ү үй-бүлө мамиле салтына жана жашы жете электердин кызыкчылыгына каршы) болгон экен.

Мыйзамды өзгөртүп жаткан себебибиз – кылмышкерлер мунапыска да, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти дегенге да кирип калат экен, психикалык жактан оорулуумун деп жоопкерчиликтен качып кете алат экен.

Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга кылмыштын мөөнөтү деген аныктама колдонулбайт, ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот. Эреже боюнча, мыйзам күчүнө кирүүсү үчүн ал комитеттерден кийин жалпы парламентте да каралып, президенттин колу коюлушу керек.

2013-жылы ал кездеги бешинчи чакырылыштагы депутаттар педофилдерди химиялык бычуу боюнча мыйзамды кабыл алышып, бирок ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койбой, андан бери балдарды зордуктоонун саны өсүп бара жатат.

2014-жылы педофилдерди өлүм жазасына буюруу каралган

Ыргал Кадыралиева жетектеген ЖКнын социалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттар жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасагандарды өлүм жазасына буюруу жана өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунушту өкмөткө жолдогон. 2014-жылы КРде балдарга зомбулук 52 ирет кайталанса, анын ичинен жетиси сексуалдык зордук зомбулук болгон.

Мындай фактылардын ичинен өтө кечиримсиз, өлүм алдында калган учурлары гана коомчулукка чыгып жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш болгон. Өкмөт бул жаатта иш-чараларды алып барып жатканы менен коомчулукта бул көрүнүштөрдүн азайбай жатканы ал кездеги президент Атамбаевди тынчсыздандарган эмес.

Комитет ошол жыйында 2 жашар балага жасалган зомбулук боюнча үрөй учурган окуяга тиешелүү министрликтердин маалыматын уккан. Депутаттар балдарга жасалган зомбулук тууралуу Комитеттин отурумунда өкмөткө балдарга болгон зомбулуктарды азайтуу боюнча атайын программа түзүүгө жана жашы жетпегендерге зордук-зомбулук жасаган учурда өлүм жазасын киргизүү же өлүм жазасына берилген мараторийди алып салуу боюнча сунуш беришкен.

Комитет мындан сырткары ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, жарандарга, айрыкча эркектерге балага тийбөө тилектештигин кармоо боюнча чечимдер-сунуштар айтылган.

Кичинекейлерге ыдык көрсөтүү, зомбулук кылуу боюнча акыркы үрөй учурган фактысы коомчулукту, бийликти кыймылга келтирген. Педофилдерди химиялык бычуу мыйзамына кол койбой койгон Президент Атамбаев өкмөткө мындай окуялардын алдын алуу боюнча тез арада координацияланган чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берип, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев бул багытта жасай турган иштерди белгилөөнү айткан.

2019-жылы педофилдерге кылмыш чарасы жеңилдетилген

Бул кыргыз коомчулугунда чуу жаратып, ал тургай Жогорку Кеңештин кароосунан каршылыксыз өтүп кеткени депутаттардын ишмердүүлүгүнүн беделин болуп көрбөгөндөй түшүргөн окуялардын бири болуп калган. 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы кодексте балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө карата жаза жумшарган. Эски кодекстеги 129-берене. Зордуктоо жашы жете электерге карата жасалганда кылмышкер 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Жаңы кодексте бул 161-берене болуп кеткен. Зордуктоо үчүн жаза 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин жумшартылган. Мында 5-7 жыл кыскарган.

Эски кодекстеги 129-берене. Жашы жете элек адамга карата жасалганда 20 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу каралган.Жаңы кодексте 12 жыл 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, же болбосо өмүр бою эркинен ажыратууга жазаланат деп ырайым кылынган. Мында 7 жыл төрт ай кыскарган.

Бийлик өкүлдөрү соттук-укуктук реформалар гумандуулукка багытталган деген пикирлерди айтышкан. Карай келгенде ал "гумандуулук" жашы жете электер менен таптакыр эле кичинекей бөбөктөргө да тиешелүү экендигин аңдоого болот.

Бул мыйзамга каршы болгон экс-Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев чындыгында бир топ оор кылмыштардын санкциялары азайтылып калганын айткан. Анын арасында адам өлтүргөндөр, мамлекетке кылмыш кылгандар, мамлекеттин кызыкчылыгын саткандар жана жаш балдарга зөөкүрчүлүк кылгандар бар. Алардын санкциясын 15 жылдан ашырбай койдук. Ушунун бардыгы кичине ойлонулбай жеңилдетилип калган. Өтө оор кылмыштарга жаза абдан жогорку санкция менен каралышы керек деген ал. Экс-башкы прокурор Абдылдаев андан сырткары өз маалында 20 жылга чейин жаза берүүнү калтыруу маселесин көтөргөнүн кошумчалаган.

Кыргызстан

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 26 жашар адам 7 жаштагы кызды зордуктаган.

Бишкектеги соода борборлорунун биринин ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 22 жаштагы жигитти сот актап жиберди. Бул ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу карап, "кыз зордукталган эмес" деген чечим чыгарып, шектүүнү жазадан бошоткон. Экспертизанын корутундусу чыкканына карабай, көпчүлүккө белгилүү судья Айбек Эрнис уулу шектүү баланы актап жиберди. Санай берсек мындай окуя көп.

Казакстан

Казакстанда жашы жете электерге сексуалдык кордук көрсөткөндөр өмүр бою кесилиши мүмкүн.

Казакстандын президентинин тапшырмасы менен мыйзам долбоору даярдалды. Анда айрым оор кылмыштар үчүн жаза катуулатылган. Балдарга карата жасалган бардык сексуалдык мүнөздөгү кордоолорго чаралар катуулады. Эми жаш балдарды кордогондор өмүр бою кесилип же 20 жылдан кем эмес жазага тартылат.

Ошондой эле балдарга жасалган сексуалдык кордукту жашыргандар да жоопко тартылат. Казакстандын учурдагы мыйзамдарына ылайык, жашы жете электерди кордогондорго эң көп дегенде 20 жылга чейин жаза берилет.

Индия

Индиянын өкмөтү жашы жете элек кыздарды топтошуп зордуктагандар өлүм жазасына тартылат.Бул балдарды сексуалдык зордук-зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамга толуктоо болуп эсептелет. 12 жашка чейинки секелек кыздарды зордуктагандар эң аз дегенде 20 жылга абакка кесилет. Ал эми 12 жашка чейинки кызды тобу менен зордуктагандар өмүр бою эркинен ажыратылып же өлүм жазасына тартылат.Бул 8 жаштагы өспүрүм кыздын уурдалып, зордукталышынан кийин кабыл алынган. Ал иш боюнча сегиз киши айыпталууда, арасында эки полиция кызматкери да бар.

P.S:

Түрмөдө педофилдерге өтө терс мамиле жасалат. АКШда кыздарды зордуктоодон коргой турчу "акылдуу" билерик жасалды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости