www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК парламенттин депутаты Исхак Пирматовго каршы козголгон кылмыш ишин кайрадан козгоду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлардын бирине өздүк булак маалымдаган.

Маалыматка ылайык, тергөө иштери 2020-жылдын октябрь айында кайрадан башталган.

Буга чейин маалымат жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирине кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Анын айтымында, парламентарий сегиз жыл мурун кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекетке ири суммадагы акчаны төлөп баштаган. Бирок Ташиев депутаттын атын атоодон баш тарткан.

Азыркы учурда Исхак Пирматов козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 2012-жылы Башкы прокуратура "Кыргызнефтегаз" ААКда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Аталган компанияны депутат Исхак Пирматов жетектеп келген. 2009-2010-жылдын биринчи кварталында "Кыргызмунайгаз" ААКтын жетекчилиги мунай продукциясын туунду юридикалык жана жеке жактар ​​менен камсыздоо боюнча атайылап пайдасыз келишимдерди түзүп, "Кыргызмунай" ЖЧКсынын кызматкерлери менен макулдашып, акыркы мунай продуктыларын арзан баада сатканы маалым болгон. Ошол убакта келтирилген зыяндын саны 100 миллион сомдон ашык болгону белгиленген.

Бирок, 2014-жылы тергөө иштери токтотулган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости