www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин кайра дагы президенттик шайлоо өтөт», - дейт саясатчы Феликс Кулов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, жаңы Конституция боюнча президент бир убакта мамлекетти жана аткаруу бийлиги башкарып калат.

«Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин президенттин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө жогорулабайт. Демек ал кайра шайланышы керек.

Буга чейин Садыр Жапаров парламенттин жарымы бир мандаттуу шайлоо системасы менен, жарымы партиялык тизме менен шайланаарын айтты. Азырынча имиш катары Жогорку Кеңеш 90 депутатка чейин кыскарат деген кептер айтылууда.

Демек, партиялык тизме менен 45 депутат шайланат, ага байланыштуу Жогорку Кеңешке эң көп 2 партия өтөт жана алар бийликчил болот. Ал эми бир мандаттуу шайлоо системасы менен келген 45 депутат негизинен олигархтар болот.

Тактап айтканда, бул эми «чимкирик» эмес, «кустурган» парламент болот.

Буга байланыштуу бийлик институттарына болгон ишенбөөчүлүк дагы да өсөт.

Муну менен бизди май айында (бул датаны кечээ Жапаров маалымат жыйында айтты) парламенттик шайлоо жана андан кийин президенттик шайлоо күтөт.

Бирок, баса белгилеп айта кетчү жагдай, шайлоонун алдында жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүш керек.

Эгерде Конституциядагы өзгөрүүлөр 3-бөлүмдөн 8-бөлүмгө чейин болсо, референдумду өткөрбөй койсо деле болот. Анткени, негизги мыйзамдын 114-беренесине ылайык, бул учурда жалпы элдик добуш берүү өткөрүлбөй калат. Бул учурда өзгөртүүлөрдү депутаттар өздөрү кабыл ала алышат.

Жыйынтыктап айтканда, бул жылды шайлоо жана ага байланыштуу ар кандай маселелердин жылы деп да айтса болот», - дейт Кулов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости