www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укуктук жактан алганда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан талапкер жарандардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон жок. Анткени шайлоочулардын 39 %ы гана добуш берди. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов билдирди.

--«Шайлоого катышкан азчылыктын 80 %ы жеңген талапкерге добуш берди. Демек, шайлоого катышпаган, башка көз караштагы жарандардын да пикирин эске алуу керек. Алардын пасссивдүүлүгү — көңүл бура турган маселе. Мурдагы президент Алмазек Атамбаевдин убагында шайлоо мыйзамдарында көпчүлүктүн кызыкчылыгына туура келбеген өзгөрүүлөр болгон. Учурдагы шайлоо мыйзамдарына ылайык, азчылык добуш берсе да, президенттик шайлоо өттү деп эсептелинет», — дейт Кайыпов.

Анын айтымында, «№2 Форманын» жоюлушу да шайлоочулардын пассивдүүлүгүнө таасир этип, айрым шайлоочулардын добуш берүү укугу чектелип калды.  Бул саясатчылардын саясий процессти өздөрүнө ыңгайлаштыруу жолдорунун бири болду. «№2 Форма» маселесин кайра карап чыгуу керек.

Кайыпов ажолукка талапкерлердин айрымдарында ресурс чектелүү болгондуктан, шайлоо тилкелерине байкоочуларын коё албаганын белгиледи.

Ошондой эле парламенттик шайлоодо да талапкерлердин байкоочулары компетенттүү иш алып бара албаганына күбө болгонун айтып, пассивдүүлүк болгонун эске салды. Партиялар да, талапкерлер да бул багытта олуттуу иш алып барбай турганын айтып өттү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости