www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мектептин мамлекеттик менчигине кайтарылган имараттын ээси легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов болгонун УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, муну колдо болгон документтер тастыктайт. Тактап айтканда, 1998-жылдын 14-декабрындагы №1141 жерди пайдалануу укугуна мамлекеттик актыларды эсепке алуу китебинде катталган, 1998-жылдан азыркы учурга чейин №021438 форма боюнча мамлекеттик актынын анык көчүрмөсү, мыйзамсыз түрдө Медеткан Шеримкуловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунда болгон. Натыйжада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аталган объектти өз балансына кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.

Сокулук районунун Гавриловский айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Шеримкуловдордун үй-бүлөсүнө мамлекеттик актынын түп нускасын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан. Акыркы кайрылуу 2023-жылдын күзүндө болгон.

Эскерте кетсек, УКМК Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылындагы жалпы аянты 20 гектарды түзгөн эки кабаттуу мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылып алынганын билдирген.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында объекттин менчик ээси М.Ш., өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин менчигине өткөрүп берген. Анын баасы 376 миллион 339 миң сомду түзгөн.

УКМК ЖМКларда экс-спикер Медеткан Шеримкулов мыйзамсыз менчиктештирилген мектеп имаратынын ээси эмес экенин билдиргенин белгилейт.

Последние новости