www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК «Оберег» реабилитациялык борборуна жардам көрсөттү

31-майда УКМК кызматкерлери Бишкектеги «Оберег» реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Буга чейин, УКМК төрагасы К.Ташиевдин дарегине «Оберег» борборунун кызматкерлери кайрылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан борборго мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүнү суранышкан.

«Оберег» реабилитациялык борбору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга коррекциялык жардам көрсөтүүгө жана ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

Учурда “Оберег” РБда 50 тарбиялануучу бар, анын ичинен 20 адам 24 сааттык тайпада (5 жана 7 күндүк). Ал эми 8 адам туруктуу жашайт (2 жетим бала реабилитациялык борбордун толук камкордугунда).

Генерал-лейтенант К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде УКМК тарабынан реабилитациялык борборго материалдык жардам көрсөтүлдү.

 

УКМК кызматкерлери комитеттин жетекчисинин жана кызматкерлеринин атынан аталган борбордун тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырып, акчалай жардам көрсөтүштү. Ошондой эле тарбиячылардын жана мугалимдердин (психологдор, дефектологдор, логопеддер) ишинин өзгөчөлүгү эске алынып, аларга кошумча акчалай сыйлыктар берилди.

Өз кезегинде «Оберег» РБнын жетекчилиги жана кызматкерлери УКМК жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын соңунда «Оберег» РБнын жамаатына, окуу жылынын башында УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.Ташиев аталган борборго жеке өзү келип, алардын жумушуна ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү пландап жаткандыгы айтылды.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости