www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто документтерди жасалмалаган сот кызматкерлери аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, сот кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо менен соттун аппаратына "жалган кызматкерлерди " жумушка орнотушкан.
Тактап айтканда, О.Н.О., А.у.Б. жана К.у.Б. Ош облусунун административдик сотунда иштеп жүргөндө "жалган кызматкерлерди" пайда кылып, эмгек ишмердүүлүгү жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү менен мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында кылмыштуу кутумга барган.
Аталган жарандардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген, сот бийлигинин кадыр-баркына доо кеткен, ал эми Ош облусунун административдик сотунун жамаатында терс моралдык-психологиялык климат түзүлгөн.
УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгынын чогулткан материалдары боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ош облусунун административдик сотунун аппаратынын Канцелярия башчысы жана жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.