www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Садыр Жапаровдун ант бергенине беш жыл толду. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул мезгил өлкө үчүн “бурулуш учур” болгонун билдирди.

Байсалов акыркы беш жылда Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн, мамлекетке болгон ишенимди кайра жандандырган жана реформалардын жаңы багытын аныктаган чечимдер кабыл алынганын белгиледи.

 - Президент Садыр Жапаровдун командасында кызмат кылуу мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык. Мамлекет башчысына көрсөткөн ишеними жана тарыхый өзгөрүүлөргө катышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн чын дилимден ыраазымын. Эгер өткөн беш жылда Кыргызстан эки эсеге өзгөргөн болсо, алдыдагы беш жыл дагы да терең жана маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келет, - деди жетине албай.

Анын айтымында, алдыда өлкөнү андан да татаал милдеттер күтүп турат. Анткени улуттук лидер жетишилген ийгиликтер менен токтоп калууну көздөбөйт.

Последние новости