www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти катары кыргыз элине кызмат кылып келе жатканына туура беш жыл толду. Бул аралыкта өлкөдө көптөгөн өзгөрүүлөр болду. «Мурда кандай эле, азыр кандай болду» деген салыштырууга атайын токтолбой эле коёюн, муну ар ким саясаттан, экономикадан, мамлекеттик башкаруудан өзү эле байкап жатат. Бирок бир нерсе анык, бул мезгил татаал, ошол эле учурда динамикалуу жана зор бурулуш учурларга бай болду, - дейт активист Тимур Саралаев.
Өзгөчө белгилей кетчү тарыхый негизги чечимдердин бири албетте Кумтөр кенинин кайрадан мамлекеттин карамагына кайтарылышы. Бул кадам өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ болду. Кайтаруунун жыйынтыгында кен жай Кыргызстанга 5 миллиард АКШ долларынан ашуун киреше алып келди. Ал эми буга чейинки 28 жыл ичинде мамлекет болгону 101 миллион доллар гана алган. Бул сандар кабыл алынган эң туура саясий чечимдин масштабын ачык көрсөтүп турат.
Албетте, алдыда дагы көптөгөн милдеттер жана замандын зор чакырыктары турат. Жетишилген динамиканы сактоо, алынган натыйжаларды институционалдык жактан бекемдөө жана алардын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу - президенттин мындан аркы иштин негизги багыттары болот, - деп кошумчалаган Саралаев.