www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арменияда парламенттик шайлоолор жакындаган сайын премьер-министр Никол Пашинянга болгон басым күчөп жатат.

Карабахтагы жеңилүүнү кабыл ала албаган пророссиячыл күчтөр, реваншисттер, Армян Апостолдук Чиркөөсү аркылуу башкарылган айрым топтор, ошондой эле Никол Пашиняндын бийликтен кетишине кызыкдар болгон кээ бир диаспоралык уюмдар премьер-министрди каралоо багытындагы ишмердүүлүгүн активдештиришти. Бул процесске оппозициялык басма сөз каражаттары да активдүү катышууда.

Ал эми бийликти колдогон ЖМКларда Никол Пашиняндын өмүрүнө олуттуу коркунучтар бар экени тууралуу маалыматтар пайда болууда. Ушуга байланыштуу премьер-министрдин коопсуздугу күчөтүлгөнү белгиленүүдө.

Айталы, 27-январда Еревандагы «Ераблур» аскердик пантеонуна барган премьер-министрди мурдагыдан да көп күзөтчүлөр кайтарган. Бул коомчулуктун көңүлүнөн сырт калган жок. Атүгүл «Ераблур» көрүстөнүнүн айланасына снайперлер жайгаштырылган. Буга чейин мындай чаралар колдонулган эмес.
Арменияда парламенттик шайлоолор быйыл июнь айында өтөт.

Последние новости