www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билирет.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-декабрында УКМК ККК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рееестрине буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти кантролдоо агентигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы "Т.К.А." кармалды.
Такталгандай, кармалган адам кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды.
Кармалган адам Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg