www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин капитаны Мирлан Чайка 1-октябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мирлан Чайка 1994-жылы туулган. Ал 2017-жылы Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын «Укук таануу» адистиги боюнча аяктаган.
2020-жылдан 2026-жылга чейин УКМКда ар кандай ыкчам кызматтарда эмгектенген. Мамлекет алдындагы өзгөчө эмгеги, кынтыксыз кызматы жана улуттук коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ведомстволук медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланган.
УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, Мирлан Чайканын жаркын элеси кесиптештеринин жана досторунун жүрөгүндө түбөлүк сакталарына билдиришти.