www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинада дизелдик отундун баасы келерки февралда литрине 115–120 гривнага(225-235 сомго) чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Prime компаниялар тобунун негиздөөчүсү, күйүүчү май боюнча эксперт Дмитрий Леушкин билдирген.
Анын айтымында, жагдайдын начар өнүгүшүндө дизелдин баасы 140–145 гривнага(274-284 сомго) чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок эксперт бул сценарийди азырынча ыктымалдыгы төмөн вариант катары баалаган.
Леушкин өз божомолун Европадагы күйүүчү майдын бааларына байланыштырат. Анын айтымында, Европадагы баалар белгилүү бир убакыттан кийин Украинадагы май куюучу жайларга да таасир этет.
Эксперттин маалыматы боюнча, учурда Украинада дизелдин орточо баасы литрине 98,55 гривнаны түзүүдө. Айрым ири май куюучу жайларда баа 100 гривнадан ашкан.
Буга чейин Украинанын Министрлер кабинети күйүүчү майдын баасын 100 гривнадан жогорулатпоону май куюучу жайлардын тармактарынан суранганы кабарланган.