www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын кыскача баяндамасында - украин армиясы басып кирген орус аскерлеринин 40 пайызын жок кылган. Бул тууралуу MIGnews.com жазып чыкты.

«2022-жылдын 15-мартына карата Украинанын аймагындагы «операцияга» катышкан бөлүктөрдүн 40%га чейинки бөлүгү жок кылынды (толугу менен жок кылынды же күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жоготту)», — деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, орусиялыктардын украин армиясын талкалап, Донецк жана Луганск облустарынын административдик чек араларына жетүү боюнча тапшырмалары аткарыла элек.

Орустар Украинанын аймагына батальондук тактикалык топтордун кошумча өткөрүлүшүнө байланыштуу аскерлердин группировкасын чыңдоого аракет кылып жатканы такталган.

Башкы штабдын маалыматы боюнча, Россия Федерациясынын жетекчилиги Орусиянын аймагындагы жогорку аскердик окуу жайлардын курсанттарын кийин Украинага каршы согуштук операцияларга тартуу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алды.

Орусия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан.

Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости