www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан боюнча 156 айыл өкмөткө калкты тейлөө укугу берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, бардыгы керектүү жабдуу менен камсыздалган. Демилгенин максаты — жарандардын убактысын жана жол чыгымдарын үнөмдөө, алар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү.

Жергиликтүү бийлик органдарында төмөнкү кызматтар көрсөтүлүп жатат:

- 16 жашка толгон жарандарга паспорт даярдоо жана берүү үчүн документтерди кабыл алуу;

- ID-карта жана жалпы жарандык паспортторду алмаштырууга документтерди кабыл алуу жана берүү;

- баланын туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;

- никени каттоо жана нике күбөлүгүн берүү;

- өлүмдү каттоо жана өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк берүү;

- жарандарды жашаган жана турган жери боюнча каттоо;

- "балага сүйүнчү" арызын каттоо.

Бул тейлөо иштери жана айыл өкмөттөрдүн тизмеси Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайтында жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости