www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын согуштук аймактарында 38 кыргызстандык бар

8-март саат 12:00гө карата Украинанын аймагында 107 кыргызстандык калууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган.

Анын айтымында, алардын 38и согуштук аймактарда:

1. Запорожье шаарында - 4;

2. Николаевская облусунда - 10;

3. Киев облусу - 6 (Борзель шаарында - 3 жана Буча шаарчасында -3);

4. Житомирс облусу Панасивка айылында - 3;

5. Харьков шаарында - 6;

6. Киев шаарында - 9.

"Белгилей кетсек, элчилик адамдарды коопсуз жайга эвакуациялоо маселесин чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып жатат. Ошентип, 7-мартта Киевден Львов шаарына транспортировкаланып жаткан башка качкындарды Бишкек шаарына ташыган автобуска 10 орун алууга жетишти.

Аталган каттам менен Кыргызстандын бир гана жаранын эвакуациялоого мүмкүн болду. Калган 9 жаран бул транспорт менен кетүүдөн баш тартышты", - деп жазды ал.

Дипломат белгилегендей, жалпы санынан айрым жарандар объективдүү себептерден улам Украинада калуу каалоосун билдирген учурлар бар. Маселен, Харьков шаарында 2 жаран үйүнөн кетүүдөн баш тартса, калган төртөө чечим чыгара элек.

"Учурда элчиликтин эсебинен Польшага биздин жарандарды пландуу эвакуациялоону уюштуруу үчүн Львов шаарына жөнөп жатабыз. Буга чейин бул каттам боюнча эвакуацияга 32 жаран катталган. Көрсөтүлгөн автобус Львов темир жол станциянан 3 саатта жөнөйт.

Биз эвакуациялоонун эң жакшы варианттарын тандоо үчүн кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантып жатабыз", - деп жазган Кадыркулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости