www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүп жатат.

Анда премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн атынан кыргыз элине, Бексултан Жакиевдин жакын туугандарына көңүл айтып, сөз сүйлөдү.

«Бүгүнкү күндө кыргыз эли кайгырып турган кези. Биз чындыгында улуу атабыз, кыргыздын залкары, кыргыздын баатырынан ажырап отурабыз. Бул эми Кудайдын иши экен.

Мен жакында эле телефондон сүйлөштүм эле буга чейин да өзүнүн кеп-кеңешин айтып, ушундай өзүнүн жакшы мүнөзү менен кыргыздын бир чыгаан мырзасы катары дагы абдан улуу киши эле.

Чыгармачылык жагынан мына азыр бир топ жакшы, улуу сөздөр айтылды. Бул кылымдын драматургу. Кино драматургу катары дагы артында өзү өтсө дагы бир топ эмгектери калды. Атабыздын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун. Жакындарына, үй-бүлөсүнө сабыр, канат тилейбиз», - деди Марипов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости