www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кинемотография тармагындагы «Оскар» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Тактап айтканда Хлоя Чжао «Мыкты режиссер» деп табылса, анын «Көчмөндөрдүн жери» («Земля кочевников») тасмасы «Мыкты тасма» номинациясын жеңди.

Хлоя Чжао «Оскар» сыйлыгын алган экинчи режиссер айым. Ага чейин 2010-жылы Кэтрин Бигелоу «Мыкты режиссер» номинациясын жеңген. Анын «Бороондун бийи» («Повелитель бури») тасмасы дагы 2009-жылдын «Мыкты тасмасы» деп табылган.

«Көчмөндөрдүн жери» тасмасы жолдошунан айрылып, жумушунан кол жууган 60 жаштагы Ферндин тагдыры тууралуу баяндайт.

«Оскар» сыйлыгынын 2021-жылдагы лауреаттары:

- «Мыкты режиссер» — Хлоя Чжао («Көчмөндөрдүн жери»);

- «Мыкты тасма» — «Көчмөндөрдүн жери»;

- «Мырзалар арасындагы мыкты роль» — Энтони Хопкинс («Ата» - «Отец»);

- «Мырзалар арасында экинчи пландагы мыкты роль» — Дэниэл Калуя («Иуда жана кара мессия», «Иуда и черный мессия»);

- «Айымдар арасындагы мыкты роль» — Фрэнсис МакДорманд («Көчмөндөрдүн жери»);

- «Айымдар арасындагы экинчи пландагы мыкты роль» — Юн Ё Жон («Минари»);

- «Чет тилдеги мыкты тасма» — даниялык режиссер Томас Винтербергдин «Дагы бир жолудан» («Еще по одной») тасмасы;

- «Мыкты сценарий» — Эмералд Феннел («Үмүт берген кыз», «Девушка, подающая надежды»);

- «Мыкты кыска метраждуу тасма» — «Алыстагы эки бейтааныш» («Два далеких незнакомца»);

- «Мыкты кыска метраждуу аннимациялык тасма» — «Эгерде бир нерсе болуп кетсе, мен силерди сүйөм» («Если что-то случится, я люблю вас»);

- «Мыкты адаптацияланган сценарий» — франциялык жазуучу жана драматург Флориан Зеллердин «Ата» («Отец») тасмасы;

- «Мыкты анимациялык тасма» — «Жан» («Душа»);

- «Мыкты кыска метраждуу документалдык тасма» — «Колетт»;

- «Мыкты кыска метраждуу документалдык тасма» — «Менин мугалимим — осьминог» («Мой учитель — осьминог»).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости