www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министринин орун басары Иран Ислам Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Иран кызматташтыгына байланыштуу суроолордун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакын арада эки борбордун ортосунда түз авиакаттамдарды жандандырууну талкуулашты.

Эки тараптуу мамилелер системасындагы биргелешкен Кыргыз-Иран өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн белгилеп, тараптар Кыргыз-Иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга түрткү берүүчү атайын биргелешкен комитет түзүү маселесин талкуулашты.

Ирандын элчиси тышкы иштер министринин орун басары Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости