www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Баткен облусунун аймагында эпизоотиялык абал туруктуу» - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы Улуков Нурланбек Абдималикович.

Маалыматка караганда, Баткен облусу боюнча 2020-жылдын 9 ай ичинде жалпы 889654 баш мал жандыктарга жугуштуу оорууларга каршы алдын ала эмдөөлөр, 93430 баш мал жандыктарга диагностикалык изилдөөлөр жана 133089 баш мал жандыктарга дарылоолор жүргүзүлдү. Мал жандыктарды жугуштуу оорууларга каршы алдын ала эмдөө үчүн керектүү вакциналар, дары-дармектер Маминспекция тарабынан убагында келип, жетиштүү болду. 2020-жылдын 9 ай ичинде айыл чарба малдарынын арасында сапаттуу дары-дармектердин, эмдөөлөрдүн негизинде, жугуштуу ооруулар (Шарп, күл, чечек, кутурма, сибирь жарасы, куш тумоосу ж.б.) катталбай, эпизоотиялык абал туруктуу сакталды.

Белгилей кетсек, жалпы облус боюнча 227670 баш ири мүйүздүү мал, 24 баш жылкы, 10794 баш ит идентификациядан өтүп, бирдиктүү ЖИКС жана ДОГС системалык базаларга катталган. Бүгүнкү күндө бул иштер боюнча да жумуштар жүрүүдө.

Ушул жылдын январь-март айларында Маминспекция тарабынан Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктарына бирден RENO-DASTER үлгүсүндөгү 3 даана кызматтык автоунаалары тапшырылып, бүгүнкү күндө кызмат кылышууда.

Азыркы күндө Баткен облусунун аймагында айыл чарба малдары жайыттардан түшүрүлүп, күзгү алдын ала эмдөө, диагностикалык иштери кызуу жүрүүдө. Бүгүнкү күндө облус аймагында эпизоотиялык кырдаал стабилдүү, ветеринардык адистердин көзөмөлүндө турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости