www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган жок.

Жыйында депутаттар Исмаилованын буга чейин жасаган иштерин катуу сынга алып, июль айында миңден ашуун адам коронавирустан каза болушуна моралдык жоопкерчилигин сурашты.

Натыйжада добуш берүүгө келгенде 34 депутат макулдугун берди. Мындан улам анын талапкерлиги колдоо таппай калды.

Исмаилованы министрлик кызматка бекитүү үчүн кеминде 50 депутаттын макулдугу каралмак.

Буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Улукбек Кочкоров иштеп жаткан.

Аида Исмаилова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Республика Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде өкмөттүн социалдык тармагына жооптуу вице-премьер болуп дайындалган. Кечээ, 27-октябрда өз арызынын негизинде кызматтан алынды.

Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости