www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооба, биринчи айткан сөзүм менен кийинки кылган ишим эки ача чыкканын моюнга алам, деди президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жылдырылгандыгы тууралуу суроого жооп берип жатып.

«Мурдагы конституциядагы шайлоо мыйзамы боюнча, мурунку өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса, анда кайра шайлоо 45 күндүн ичинде болот деп турат, ошондо кайра шайлоо декабрда өтүшү керек эле. Ал мыйзам күчүндө турганда мен айткам: «Макул, мыйзам талаасынан чыкпайлы, ушул мыйзам менен декабрда шайлоого баралы», - деп. Бирок ал күнү ойлондум, мына ушул 120 депутаттын айынан, партиялык система менен шайлоо болгондун кесепетинен эл дүрбөлөңгө чыгып, үчүнчү революцияны кылды. Бийлик алмашты. Мен элге долбоорумду 8 жылдан бери айтып жүрөм. Анан ушинтип дүңгүрөтүп элге айтып жүрүп, андан кийин эски система менен иштесек, эл эмне дейт деген ойго келдим. Депутаттар менен сүйлөштүм. Алардын арасында Текебаев да бар болчу. Парламенттик шайлоону артка жылдыруу боюнча сунушумду айттым. Макулдугун беришти, июнга чейин деп убакытты так көрсөтүп, үч окудан кабыл алынды. Мен кол койдум, күчүнө кирди. Кыскасы мыйзам талаасынан мен чыккан жокмун», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости